• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Маданиятка эмгек сиңирген ишмер Райымберди Жаманкулов дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Кыргыз маданияты оор жоготууга учурады.

2021-жылдын 29-апрелинде күтүүсүздөн Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин коомдук башталыштагы кеңешчиси Райымберди Жаманкулов дүйнө салды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Райымберди Жаманкулов 1952-жылы 9-июлда Ош облусунун Алай районуна караштуу Кабылан-Көл айылында туулган.

Ал 1974-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык (азыркы Ош мамлекеттик университети) институтун бүтүргөн.

Райымберди Жаманкулов эмгек жолун 1974-жылы Жаңы-Жол (азыркы Аксы) районунун Кызыл-Туу орто мектебинде математика мугалими болуп иштөөдөн баштап, 1976-1977-жылдары Кара-Жыгач орто мектебине математика мугалими болуп эмгектенген. 1977-1978-жылдары Алай районунун Калинин атындагы сегиз жылдык мектебине которулуп, чыгармачылыкка жакын адам болгондуктан Мар Байжиевдин «Адашкан адам» спектаклине режиссерлук кылып мугалимдердин катышуусунда койгон. Кийинчерээк, маданий иш-чараларды, концерттерди уюштуруп, тоолуу Алай жергесиндеги бир катар маданий иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштуруп баштаган.

Райымберди Жаманкулов 1978-1985-жылдары Алай райондук элге билим берүү бөлүмүнүн инспектору, Комсомолдук уюмдун секретары болуп үзүрлүү иштеген. Бул мезгилдерде райондун мектептеринин окуу-тарбиялык иштеринин жүрүшүнө системалуу түрдө көзөмөл жүргүзүп, ошону менен катар мугалимдерге методикалык жактан жардамдарын көрсөтүп турган.

Ал эми 1985-1987-жылдары «Билим» коомунун Алай райондук уюмунун жооптуу катчысы, 1987-1988-жылдары Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Алай райондук комитетинин инструктору, 1988-1991-жылдары бөлүм башчысы болуп иштеп, райондун бардык тармактарынын өнүгүүсүнө салым кошкон.

1991-1993-жылдарда Райондук кеңештин бөлүм башчысы, 1993-2018-жылга чейин Алай райондук маданият бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Райымберди Жаманкуловдун тынбаган иш аракети аркылуу 2001-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому кабыл алынып, Алай элдик театры Алай музыкалык-драма театры болуп түзүлүп, профессионалдык статус алууга жетишкен.

Түрдүү жанрдагы облустук, республикалык фестиваль, сынактарда анын жетекчилиги менен райондун таланттары алдыңкы орундарды камсыз кылышкан. Р. Абдыкадыровдун «Биз экөөбүз», «Издейм сени», М. Баетовдун «Арпанын Ала-Тоосунан», «Кыздар ай», И.Кадыровдун «Кең-Алай» ж.б чыгармаларды жогорку деңгээлде аткарып, радионун «Алтын» фондуна жазылган.

Аймактагы маданий -гуманитардык багыттагы жасаган иштери жогору бааланып, 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамы, 1983-жылы «Кыргыз ССРинин агартуу отличниги», 2005-жылы Кыргыз Республикасынын «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси, 2013-жылы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги» төш белгиси, Рыспай Абдыкадыров атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты болгон. 2013-жылдын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан «Жылдын эң мыкты маданият бөлүмү» болуп табылган.

Ырайымберди Жаманкуловдун адамдык парасаты, бийик адамгерчилиги жана ишке болгон өтө жоопкерчиликтүү мамилеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталып калат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Кыргыз Республикасынын Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги.

Пикир

Оставить комментарий