• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мадумаров Нарын шаарында жүргөн селдин кесепеттерин жоюу боюнча жыйын өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 04.06.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров Нарын шаарында жүргөн селдин кесепеттерин жоюу боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун маалыматы боюнча, нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Чоң-Нарын каналындагы суунун деңгээли көтөрүлгөн. Анын кесепетинен улам Нарын шаарына караштуу Батыш, Алма-Бак, Ак-Коргон жана Көтөрмө райондорунда жайгашкан 60 турак жайдын короолорун, чарбалык субъектилерди жана жолдорду суу каптаган. Учурда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө.

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана мүмкүн болуучу тобокелдиктерди азайтуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал тармактык мамлекеттик органдарга финансы каражаттарды өз убагында бөлүү жана алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий