• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мал уурулук менен алектенгендер кармалды

Аймак 0

Бишкек, 13.04.18 /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Аксы жана Сузак районунда март жана апрель айларында белгисиз адамдар айыл тургундарынын малдарын сарайларында байланып турган жерлеринен түн ичинде уурдап кетишкен.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдиргендей, уурдалган малдын жалпы чыгымы 30 миң сомду түзгөн.

Арыздардын негизинде милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам иш-аракеттери жүргүзүлүп, натыйжада 18 жаштан 23 жашка чейинки 4 жаран кармалган. Аларга карата Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин (мал уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Соттун чечими менен кармалган жарандар үй камагына чыгарылды.

Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий