• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мамэкотехинспекциянын жалпы жамааты ишембиликке чыгышты

Коом 0

Бишкек, 31.03.18 /Кабар/. Бүгүн, 31-мартта Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясын жалпы жамааты ишембиликти улантышты.

Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, атайын бөлүнүп берилген сейил багында тазалоо иштерин жүргүзүү менен бирге бак-дарактарды актап, түбүн жумшартуу иштерин инспекторлор жүргүзүштү.

"Бул ишти Мамэкотехинспекциянын статс-катчысы Асылбеков Таалай менен Каржы жана экономика башкармалыгынын башчысы Джумашева Гулькайыр көзөмөлдөп жатат. Ишембиликте тазалыкты жана инспекторлордун ишин тыкыр көзөмөлдөп,анда өз ишине так болбой жаткан инспекторлорго Гулькайыр Медельбековна тарабынан кемчиликтер айтылып, кайра тазалап чыгуу тапшырмасы коюлду", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий