• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мамлекеттик кызматта аялдардын саны эркектерге караганда аз — сандар жана фактылар

Коом 0

Бишкек, 23.06.23. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленүүдө. Бул күнгө карата Улуттук статистика комитети атайын маалыматтарды чогулткан.

Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун ролун жогорулатуу максатында, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын өлкөнү өнүктүрүү процессине кошкон салымын эске алуу менен КР өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-январындагы токтому менен КРнын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын кызматкерлеринин күнү белгиленген.

2023-жылдын башына карата Кыргызстандын мамлекеттик кызматчыларынын саны (коргонууну, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуучу мамлекеттик органдардын маалыматтарын эске албаганда) 18 миңден ашык адамды түздү, алардын 41 пайыздан ашыгы аялдарга туура келди.

Ошого карабастан, мурдагы жылдардагыдай эле, 2022-жылы мамлекеттик кызматта иштеген эркектердин басымдуу бөлүгү мамлекеттик башкаруу органдарынын ишмердиги чөйрөсүндө да (59%) жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да (62%) сакталып калган.

Мамлекеттик кызматкерлер анын ичинде кызмат орундары боюнча саясий жана атайын административдик

2022-жылы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында 10 миңден ашык адам иштеген, алардын 8,6 миңден ашууну муниципалдык кызматкерлер болгон. Муниципалдык кызматкерлердин жалпы санынын үчтөн биринен көбүн аялдар түзгөн.

Мамлекеттик кызматкерлердин кынтыксыз чынчылдыгы, жоопкерчилиги гана жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүк, бийликтин бардык деңгээлдеринде процесстерди натыйжалуу башкарууну сабаттуу уюштурууга мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий