• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Бишкекасфальтсервис" ишканасы жумушчуларды издейт

Коом 0

Бишкек, 23.06.23. /Кабар/. "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы жумушчуларды издейт.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, жумушчулардын айлыгы жумуштун көлөмүнө жараша, айына 25 миң сомдон жана андан жогору болот. Ошондой эле кошумча түшкү тамак каралган.

Төмөнкү адистер талап кылынат:

20 жол мастери:

• 18 жашка толгон кыргыз жараны;
• тажрыйбасы жана көндүмдөрү бар кесипкөй жумушчулар;
• жаман адаттарсыз;
• так жана жоопкерчиликтүү;
• нормаларга жана талаптарга так ылайык иштерди аткаруу.

1 инженер:

- 18 жашка толгон кыргыз жараны;
- соттуулугу жок;
- кесиптик билими бар;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иш стажы же административдик кызмат орундарынын тобун жана категориясын эске алуу менен адистиги боюнча иш стажы;
- кесиптик компетенциялар.
- КР жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү чөйрөдөгү мыйзамдарды билүү.
- Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
- компьютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продуктыларга ээ болуу;
- тиешелүү чөйрөдө билим жана көндүмдөр;
- кесиптик билими бар экендиги белгиленген формадагы документ менен ырасталат.

Маектешүү иш күндөрү саат 9:00дөн 17:00гө чейин өтөт. Дареги: Хвойная көчөсү 70, маалымат үчүн телефон: 0312377717.

Пикир

Оставить комментарий