• 88.68
  • 95
  • 0.95

Алай районунун Белекбаев айыл өкмөтүнө өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Коом 0

Бишкек, 23.06.23. /Кабар/. Алай районунун Белекбаев айыл өкмөтүнө селге байланыштуу өзгөчө кырдаалдар режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, 21-июнь күнү кечке жуук аймакта катуу жаандан кийин сел жүрүп, 45 турак үйдүн короо-сарайларын, 3 социалдык объектинин (1 мектеп, балдар бакчасы, ФАП) короолорун кум шагыл аралаш сел суулары каптаган жана бир электр мамысын сел агызып кетип, электр берүү убактылуу токтотулган. Сопу-Коргон - Терек ички чарбалык жолунун 7 чакырымында 3 тилкеде сел калдыктарынан улам жол каттамы үзгүлтүккө учураган.

Бүгүн, 23-июнда саат 07:30да селдин кесепеттерин жоюуга Алай райондук №68 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 15 куткаруучу тартылды.

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу тактоо, авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү, кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында Алай райондук Жарандык коргонуу башчысы-акимдин биринчи орун басарынын буйругунун негизинде Белекбаев айыл өкмөтүнө өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий