• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте BMW X5 жана маршрутка сүзүштү

Кырсык 0


Бишкек, 23.06.23. /Кабар/. Бишкектеги Лев Толстой көчөсүндө бүгүн саат 08:50лөр чамасында BMW X5 жана эл ташыган Mercedes үлгүсүндөгү №131 маршрутка сүзүшкөн.

“Кабар” агенттигине Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, жабыркагандар тууралуу маалымат такталып жатат. Белгилүү болгондой, маршруткада жүргүнчүлөр болгон эмес.

Учурда жол кырсыгынын чоо-жайы такталууда.

Пикир

Оставить комментарий