• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаардык милициясы ЖРТдан эӊ жогорку балл алган Кызжибек Жээнбекованы куттуктады

Коом 0

Бишкек, 23.06.23. /Кабар/. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы жалпы республикалык тестирлөөдө эӊ жогорку балл алган Кызжибек Жээнбекованы куттуктады. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык милициясынын начальнигинин орун басары Акылбек Бекишев бүгүн С.Киров атындагы мектептин бүтүрүүчүлөрүнө аттестат тапшыруу салтанатына катышып, аталган мектептин 11-классынын бүтүрүүчүсү, республикалык тестирлөөдөн эң жогорку балл алган Кызжибек Жээнбекованы Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын атынан куттуктады.

"Ош ШИИБнын жетекчилигинин, өздүк курамынын атынан Кызжибек кызыбызды, ата-энесин жана ушундай жакшы билимге сугарган С.Киров мектебинин педагогикалык жамаатына ыраазычылык билдиремин жана куттуктаймын. Ар бир мыкты билимге ээ болгон окуучу коомубуздун эртеӊки тиреги, таянычы боло алат. Бүгүнкү Кызжибек жана анын классташтары келечекте мыкты кесипке ээ болуп, өлкөбүздүн татыктуу жарандары боло аларына ишенемин", - деди милиция жетекчиси.

Ошондой эле Акылбек Бекишев милициянын атынан Кызжибек Жээнбековага, анын ата-энесине жана класс жетекчисине белектерди тапшырды.

Эскерте кетсек, Кызжибек Жээнбекова ЖРТнын жыйынтыгы менен эң жогорку 236 балл алып, "Алтын сертификатка" ээ болгон.

Пикир

Оставить комментарий