• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мамлекеттик тууга 30 жыл. Ош шаарында салтанаттуу иш-чара өттү

Аймак 0

Бишкек, 03.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 3-мартта, Ош шаарынын борбордук аянтында өлкөнүн мамлекеттик туусунун кабыл алынганынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, анын алкагында Ош гарнизонунун аскер кызматкерлери тарабынан борбордук аянтка 15 метрлик туу алынып келинди.

Иш-чарага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, легендарлуу парламенттин депутаттары, шаардык кеңештин депутаттары, шаардыктар, аскер кызматкерлери жана активисттер катышты.

Иш-чарада мамлекеттик туунун маанилүүлүгү даңазаланып, андан соң аскердик парад болду.

Мамлекеттик туу 1992-жылдын 3-мартында бекитилген. Авторлору: Э.Айдарбеков, Б.Жайчыбеков, С.Иптаров, Ж.Матаев, М.Сыдыков. Мамлекеттик туунун ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурчтуу кызыл кездемеден жасалган.

Эске салсак, Ош шаарындагы башкы желек жана желек сабы 2009-жылы орнотулган. Желек сабынын узундугу 45 метрди түзсө, туунун туурасы 10 метр, узундугу 15 метр.

Пикир

Оставить комментарий