• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бажычылар БАЭден алып келинген декларацияланбаган авиациялык запас бөлүктөрүн аныктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.03.22. /Кабар/. Бажычылар БАЭден алып келинген декларацияланбаган авиациялык запас бөлүктөрүн аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Манас» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан “Манас” МЭА Авиациялык техникалык базасындагы «КСЗ Глобал Сервис Солюшн филиалынын» колдонуусундагы ангарынын аймагында «М» авиакомпаниясынын аба кемесинин каттамы менен Бириккен Араб Эмираттарынан (БАЭ) келген товарлар-ассортименттеги декларацияланбаган авиациялык запас бөлүктөрү кармалган. Жалпы брутто салмагы 344,2 кг түзгөн.

Бул факт КЖБР МЭЖ АМСке катталган, материалдар Башкы прокуратурасына өткөрүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий