• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Маммүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү боюнча сынак өткөрүүнүн тартиби бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 16.05.19. /Кабар/. Өкмөттүн 2019-жылдын 13-майындагы № 223 токтому менен Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү боюнча сынак өткөрүүнүн тартиби бекитилди.

Мыйзамдык актыда төмөнкү мамлекеттик активдерге карата ишенимдүү башкаруучуларды тандоо боюнча ачык сынак өткөрүү эрежелери жана шарттары аныкталат:

- акционердик коомдордун жана ЖЧКлардын мамлекеттик менчиктеги акциялары (үлүштөрү);

- мүлк комплекстери катары мамлекеттик ишканалар (Куралдуу Күчтөр тутумунда иштеген мамлекеттик ишканалардан тышкары).

Ошентип, «Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө» 2018-жылдын 22-майындагы № 51 Мыйзамда каралган мамлекеттик секторго кесипкөй башкаруучу компанияларды тартуу механизмин ишке ашыруу шарттары түзүлдү.

Бул механизм мамлекеттик катышы бар жана мамлекеттик ишканаларга кесипкөй башкаруучу командаларды тартуу үчүн колдонулат. Мамлекет келишимдик жана өз ара пайдалуу негизде аутсорсинг принциби боюнча жеке сектордун потенциалын жана ресурстарын колдоно алат.

Ишенимдүү башкаруу менчиктештирүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду ишке ашырган акционердин милдеттеринин көнүмүш механизмине альтернатива катары каралат.

Бул варианттын артыкчылыгы мамлекеттик активдерди ишенимдүү башкарууга берүүдө менчик ээсинин укуктары ишенимдүү башкаруучуга өтпөйт. Ошону менен бирге ишенимдүү башкаруучуну тандоо атайын түзүлгөн конкурстук комиссия тарабынан ачык өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий