• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мамветинспекция: Электрондук рецепттерди колдонуу старт алды

Коом 0

Бишкек, 05.07.21. /Кабар/. Ветеринардык дары-дармектердин кыймылын көзөмөлдөө жана колдонууну жаныбарларды идентификациялоо системасы аркылуу ишке ашыруу боюнча пилоттук аймак катарында Ноокен районунда окуулар уюштурулуп, электрондук рецепттерди колдонуу старт алды. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул иш-чараны Германиялык (GIZ) эл аралык кызматташтык боюнча техникалык жардам көрсөтүү программасы колдоого алууда.

"Ветеринардык дары-дармектердин көзөмөлгө алынышы жалпы жарандардын ден соолугуна кам көрүүгө жана аткезчилик менен алынып келинген ветеринардык дары-дармектердин таркалышына бөгөт коюлушуна өбөлгө түзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Иштин аткарылышы боюнча Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жана Ветеринардык дары-дармектерди жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо борбору иш алып барууда.

"Ветеринардык дары-дармектерди ветаптекалар рецепт боюнча сатуу жана рецепт менен алынган дарыны малга колдонулушу боюнча иш-чараны Ноокен райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын көзөмөлүндө болот", - деп кошумчалашты аталган инспекциянын басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий