• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мамветинспекция Кытайдан эт ташып келүүгө убактылуу чектөө киргизди

Ден соолук 0

Бишкек, 24.01.20. /Кабар/. Коопсуздукту камсыз кылуу максатында Ветеринардык жана санитардык коопсуздук боюнча малекеттик агенттик чек арадагы ветеринардык текшерүү пункттарында жана жана аэропорттордо текшерүүнү күчөттү. Тактап айтканда, коронавирус боюнча кырдаал турукташканча Кытайдан эт жана эт продукцияларын ташып кирүүгө убактылуу чектөө киргизди. Бул тууралуу Мамветинспекциядан билдиришти.

Ведомстводон белгилешкендей, Кыргызстанга Кытайдан коронавирус жуктурулган эт келип жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Мамветинспекциянын маалыматы боюнча, 2020-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын аймагына Кытайдан эт ташылып келе элек.

Пикир

Оставить комментарий