• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мамытов БА мамлекеттеринин жана РФнын парламенттер аралык форумунун ачылышына катышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 12-майда төрага Талант Мамытов баштаган КР Жогорку Кеңешинин делегациясы Түркмөнстандын Ашхабад шаарында уюштурулган Борбор Азия мамлекеттеринин жана Россия Федерациясынын парламенттер аралык алгачкы форумунун ачылышына катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чараны Түркмөнстан Милли Генгешинин Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов ачып, аталган жолугушуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов ушул жылдын 12-мартында Түркмөнстанда болгон президенттик шайлоонун ийгиликтүү өткөндүгүнө байланыштуу куттуктап, боордош мамлекетке гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Ошондой эле Кыргызстан Россия жана Борбор Азия мамлекеттери менен болгон кызматташтыкка өзгөчө басым жасарын айткан Талант Мамытов: “Биздин тарыхый байланыштарыбыз терең. Андыктан ар тараптуу алаканы арттырып, стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүбүз кажет”, – деди.

Эки жана көп тараптуу байланыштардан сырткары чөлкөмдөгү өлкөлөр Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө экенин эске салган төрага, айрымдары Россия менен ЕАЭБ, ЖККУ жана ШКУ алкагында кызматташып келе жатканын кошумчалады.

“Борбордук Азия мамлекеттери менен Россиянын ортосундагы салттуу алака саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-транзиттик жана маданий-гуманитардык кызматташуунун кеңири тармактары боюнча жүргүзүлүүдө. Ал эми Кыргызстан чөлкөмдөгү калыптанган достук мамилеге ар дайым артыкчылык берет”, – деди Мамытов.

Муну менен катар мамлекеттер аралык алакаларда парламенттердин ролу жогору экенине токтолгон төрага: “Бүгүнкү форум дагы өлкөлөр ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү үчүн олуттуу потенциалга ээ деп эсептейм”, – деди.

Эскерте кетсек, парламенттик делегациянын курамында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева, депутаттар Миргүл Темирбаева, Алишер Козуев жана Максатбек Сарбагышев бар.

Пикир

Оставить комментарий