• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Өзбекстан менен Казакстандын ортосундагы темир жол байланышы 15-майда калыбына келет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.05.22. /Кабар/. 15-майда Өзбекстан менен Казакстандын ортосундагы темир жол байланышы калыбына келет. Бул тууралуу "Өзбекстан темир жолдорунун" басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 15-майдан тарта "Нукус – Бейнеу – Нукус" жана 16-майдан тарта "Алматы – Ташкент – Алматы" багыттары боюнча поезддер аптасына үч жолудан каттай баштайт.

Буга чейин "Алматы – Ташкент – Алматы" темир жол каттамы 2-майда, "Нукус – Бейнеу – Нукус" каттамы 1-апрелде калыбына келери кабарланган. Бирок кийинчерээк Казакстан карантиндик чектөөлөргө байланыштуу бул мөөнөттөрдү жылдырган.

Өзбекстан менен Казакстандын ортосундагы темир жол байланышы коронавирус пандемиясынан улам 2020-жылы мартта токтотулган.

Казакстан 11-апрелде Өзбекстан менен чек арасындагы өтмөрмө бекеттердеги чектөөлөрдү алган. Ошол эле маалда жарандар үчүн коронавирус жок экенин ырастаган ПЧР-тест же ковидге каршы вакцина алгандыгы тууралуу документтерди көрсөтүү талабы сакталып калган.

Пикир

Оставить комментарий