• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Манас» аэропорту Бакудан келген жаңы каттамды суу аркасы менен тосуп алды. Сүрөт

Коом 0

Бишкек, 23.07.23./Кабар/. Бүгүн «Манас» эл аралык аэропортунда Бакудан биринчи үзгүлтүксүз каттам суу аркасы менен салтанаттуу түрдө тосуп алынды.

Өлкөнүн башкы аба майданы кабарлагандай, Азербайжандын AZAL авиакомпаниясы Бак–Бишкек–Баку багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамдарды жумасына бир жолу – жекшемби күндөрү аткарат.

AZAL авиакаттамдарына билеттерди www.azal.az расмий сайтынан, ошондой эле авиакомпаниянын мобилдик тиркемеси аркылуу сатып алса болот.

«Манас» ААКсы авиабилеттерди сатпайт жана ошондой эле авиабилеттердин баасына таасир этпей турганын жана жөнгө сала албастыгын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий