• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Манас" аэропортуна туман түштү

Коом 0

Бишкек, 23.01.20. /Кабар/. Бүгүн, 23-январь күнү "Манас" эл аралык аэропортунда туруксуз аба ырайы – тумандын түшүшү байкалууда. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

"2803 "Урал аба жолдорунун" Москва-Бишкек-Москва жана 779 "Өзбекстан аба жолдорунун" Ташкент-Бишкек-Ташкент каттамдары саат 13:00гө жылдырылды. Ошондой эле ички каттам – Ош-Бишкек каттамы кармалууда", - деп айтылат маалыматта.

Аэропорт келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, каттамдар тууралуу маалыматты 0 312 693109 ("Манас") жана 0 3222 90101 ("Ош") номерлери боюнча тактоону суранат.

Пикир

Оставить комментарий