• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Манас” аэропортунда чек ара жана бажы көзөмөлүнөн өтүү схемасы өзгөртүлдү

Коом 0

Бишкек, 12.05.21. /Кабар/. “Манас” эл аралык аэропорту” ААК “Манас” аэропортунун аэробекет комплексинде эл аралык каттамдардын жүргүнчүлөрүнүн кыймылынын схемасы өзгөргөндүгү жөнүндө билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 4-майынан тарта “Манас” аэропортунун аэробекетинде (АБК) жүргүнчүлөрдүн чек ара жана бажы көзөмөлүнөн өтүү схемасы өзгөрүлдү. Өзгөртүүлөр эл аралык каттамдардын жүргүнчүлөрүнө гана тиешелүү.

Каттоодон өтүү жана жүктөрдү тапшыруу мурдагыдай эле, “Манас” аэробекет комплексинин экинчи кабатында жүргүзүлөт. Ал эми, чек ара жана бажы көзөмөлүнөн өтүү аэропорттун батыш канатындагы 3-кабатта, АБК-2 жаңы имаратында жүргүзүлүүдө.

Мындай өзгөрүүлөр эл аралык каттамдардын жүргүнчүлөрүн тейлеген АБК-2 жаңы имаратынын курулуп бүтүшүнө жана пайдаланууга берилишине байланыштуу.

Жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүп берүү максатында аэробекеттин аянты кеңейтилди. Азыр анын аянты 8,2 миң чарчы метрди түзөт. Жаңы үч кабаттуу AБK-2 имаратынын аянты 4,5 миң чарчы метр. Эл аралык каттамдарды (учуп келүү жана учуп кетүү) тейлөөчү сектордун аянты дээрлик 3,7 миң чарчы метрди түзөт.

Пикир

Оставить комментарий