• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Манас" аэропортунда Түркиядан мыйзамсыз алып келинген зер буюмдар аныкталды

Коом 0

Бишкек, 09.04.24. /Кабар/. "Манас" аэропортунда Түркиядан мыйзамсыз алып келинген зер буюмдар аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мыйзамсыз аракеттер "Стамбул-Бишкек" каттамы менен келген жүргүнчүлөрдү бажы көзөмөлүнөн өткөрүү учурунда "Манас" бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан аныкталган.

Текшерүүдө Кыргызстандын А.К. аттуу жараны жалпы салмагы 373,10 граммды түзгөн 24 даана алтындан жасалган зер буюмдарды (чынжыр, билерик) - товарларды кийимдердин астына бажы көзөмөлүнөн жашыруу фактысы боюнча кармалган.

Кармалган зер буюмдардын орточо базар баасы 1 млн 905 миң 19 сомду түзгөн.

Факты тиешелүү органда каттоого алынып, чогултулган материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий