• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Манас" эпосунун күнүнө карата Бишкекте бир катар иш-чаралар өтөт

Маданият 0

Бишкек, 03.12.19./Кабар/. “Манас” эпосунун күнүнө карата Бишкекте бир катар салтанаттуу иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-декабрда Ч.Айтматов атындагы кино үйүндө "Залкар Манасчы" тасмасынын бет ачары, Мамбет Чокморов, Акылбек Манасчы жана Чоюке Өмүр уулу тууралуу тасмалар тартууланат.

Ошол эле күнү Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Манас эпосунун урунттуу жерлерин чагылдырган көркөм жана прикладдык сүрөт өнөр көргөзмөсү коюлат.

Мындан тышкары, Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисттери тарабынан даярдалган “Кагылайын Манасым” театрлаштырылган пролог тартууланып, аны концерттик программа коштойт.

Белгилей кетсек, иш-чаранын алкагында КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан жаш манасчылар арасында жарыяланган республикалык сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өтөт.

Пикир

Оставить комментарий