• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Марат Иманкулов ТМУ Коопсуздук кеңешинин катчыларынын II жолугушуусуна катышты

Саясат 0

Бишкек, 23.10.23. /Кабар/. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Ташкент шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын экинчи жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан кабарлашты.

Иш-чаранын күн тартибинде бир топ маселелердин катарында коопсуздукту камсыз кылуу, терроризмге, наркотрафикке жана адамдарды сатууга каршы аракеттенүү, ошондой эле санариптик мейкиндикти коргоо чөйрөсүндө кызматташууну активдештирүү жаатындагы биргелешкен күч-аракеттерди координациялоо тематикасын талкуулоо каралган.

Марат Иманкулов белгилегендей, бүгүнкү күндө ТМУ өлкөлөрү үчүн бүткүл дүйнөлүк коомчулук катары эл аралык террористтик жана экстремисттик уюмдардын коркунучтары актуалдуу бойдон калууда, алардын кыйраткыч аракеттери өнүгүү жана интеграция иш-чараларын үзгүлтүккө учуратууга багытталган.

Өз кезегинде Уюмдун ишмердүүлүгү аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту бекемдөө идеясын колдогон ар кандай көп тараптуу форматтар менен байланыштарды кеңейтүүгө жана өз ара аракеттенүүгө багытталышы керек.

Жолугушуунун алкагында Коопсуздук кеңешинин катчысы Өзбекстан Республикасынын Президентинин алдындагы Коопсуздук кеңешинин катчысы Виктор Махмудов жана Түркия Республикасынын Президентинин Администрациясынын алдындагы Улуттук Коопсуздук Кеңешинин Башкы катчысы Сейфуллах Хаджимуфтуоглу менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аймактык коопсуздук жана өлкөлөр ортосундагы өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий