• 88.68
  • 95
  • 0.95

Финансы министрлиги Ысык-Көл облусуна 9 айда 981,7 млн сом которду

Экономика 0

Бишкек, 23.10.23. /Кабар/. Ысык-Көл облусуна 9 айда 981,7 млн сом которулду, деп билдирет Финансы министрлигинин басма сөз кызматы.

Ведомство облуска 2023-жылдын 9 айына карата республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган каражаттар боюнча маалымат берди.

Алсак, бюджеттер аралык трансферттер:

Ысык-Көл облусу боюнча 2023-жылдын 9 айына карата республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары 981,7 млн сом акча каражаты каржыланган.

Алар:

  • Теңдөөчү трансферт – 203,3 млн сом;
  • Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүүгө – 23,5 млн сом;
  • Электр энергиясына болгон 50% компенсацияга - 21,9 млн. сом;
  • Жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 41,2 млн. сом;
  • Айыл өкмөттөрдүн башкы планына - 6,8 млн. сом;
  • Каракол шаарын өнүктүрүүгө – 685,0 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий