• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кытай Кыргызстандын жашыл продукцияларын көбүрөөк импорттоого даяр – Си Цзиньпин

Саясат 0

Бишкек, 13.06.19. /Кабар/. Кытай Кыргызстандын жашыл продукцияларын көбүрөөк импорттоого даяр. Бул тууралуу Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин биргелешкен билдирүү учурунда айтты.

Анын айтымында, КР президенти Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүүлөр мазмундуу болду.

"Биз кыргыз-кытай мамилесин өнүктүрүү, "Бир алкак - бир жол" долбоорунун алкагында кызматташууну бекемдөө боюнча пикир алыштык. Биз кеңири макулдашууларга жетиштик", - деди ал.

Ошондой эле Кытайдын төрагасы, ага берилген I даражадагы "Манас" ордени Кыргызстандын кытай элине болгон жылуу мамилесин билдирерин белгилеп өттү.

"Мен муну баалайм жана Сооронбай Жээнбеков менен бирге ар тараптуу кытай-кыргыз кызматташуусун алдыга сүрөөгө даярмын", - деди ал.

КЭР төрагасы белгилегендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык алаканы кеңейтүүнү макулдашты.

"Кытай Кыргызстандын жашыл жана сапаттуу продукцияларын көбүрөөк импорттоого даяр. Биз кыргыз тарапты кытай ЭКСПОлорунда катышуусун кубаттайбыз. Кытай Кыргызстанга экономикалык өнүгүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда колдоо көрсөтүүгө даярбыз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий