• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Марипов Мария Айтматованын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

Өкмөт 0

Бишкек, 21.04.21. /Кабар/. Премьер-министр Улукбек Марипов Чыңгыз Айтматовдун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына улуу жазуучунун жубайы Мария Айтматованын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу өзүнүн жана өкмөттүн атынан көңүл айтты.

«Мария Урматовнанын жөнөкөйлүгүнө жараша Айтматовдордун үй-бүлөсүндө узак жылдар бою үй-бүлөлүк очогу кармалып, меймандостукка жана берекеге толуп турган. Кыргыз адабиятынын "алтын" дооруна түздөн-түз тиешеси бар, аттары дүйнөлүк тарыхка жазылып калган биздин замандаштарыбызды жакындан билген адамдар бизди таштап кетип жаткандыгы кайгылуу. Мария Урматовнанын жаркын элеси ар дайым жүрөгүбүздүн тереңинде сакталат. Орду толгус жана мезгилсиз жоготуу кайгысын тең бөлүшөбүз», — деп белгиледи премьер-министр Улукбек Марипов.

Пикир

Оставить комментарий