• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Медакадемия мамлекеттик тилге олуттуу көңүл бура баштады

Коом 0

Бишкек, 13-апрель /Кабар/. И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында өтүп жаткан илим күндөрүнүн алкагында “Мамлекеттик тилдин медицинадагы актуалдуу маселелери” аттуу Республикалык илимий-тажрыйбалык конференция болуп, агаКыргыз Республикасынын Президентине караштууМамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н.Ишекеев катышты. Бул тууралуу Мамлекеттик тил комиссиясынын басма сёз кызматы билдирди.

Иш-чаранын ачылышында сөз сүйлөгөн Н.Ишекеев: “Ар бир тил өзүнүн өнүгүшүндө белгилүү этаптарды басып өтөт. Тарыхка кайрылсак, Францияда 16-кылымга чейин илимий иштер, иш кагаздары латын тилинде гана жазылган. Француз агартуучулары Д.Дидро, Гольбах, К.Гельвеций, Ж.Руссолордун аркасында француз тили мамлекеттик статус алып, француз мектептери, окуу жайлар ачылып, иш кагаздары, илимий иштер француз тилинде 16-кылымдан баштап жүргүзүлө баштаган. 17-кылымга чейин Англияда француз тили мамлекеттик тил болуп келген. Чума оорусу Англияны каптап, билимдүүлөр, окумуштуулардын көпчүлүгү каза табышкан. Жөнөкөй, айылдык англиялыктар француз тилин билишкен эмес. Кароль айласыздан англис тилине мамлекеттик статус берип, 17-кылымдан баштап, Англияда англис тили колдонула баштаган.19-кылымга чейин Россиянын окуу жайларында сабактар грек, латын, француз, немец тилдеринде жүргүзүлгөн. Москва университетинде Ломоносовдун ишмердигинин аркасында университетте немец, француз тилдеринде сүйлөй албаган студенттер үчүн чакан группалар ачылып, сабактар орус тилинде жүргүзүлө баштаган. Ошол мезгилде айрым окумуштуулар “орус тили турмуш-тиричиликтин тили, илимий эмгектер кантип орус тилинде жазылсын” деп туура эмес көрүшкөн.

Тил өнүгүү жолунда кыйынчылыктарды башынан өткөрөт. Азыр да кыргыз тили оор түйшүктү башынан кечирүүдө. Эгер биз бүгүнкү күнү кыргыз тилинин түбөлүктүүлүгү үчүн жоопкерчилигибизди сезбесек, аны өнүктүрүүгө күч-кубатыбызды, билимибизди кошпосок, эртең мамлекеттин тагдыры, коопсуздугу жөнүндө маселе күн тартибине коюлуп калышы мүмкүн”,- деп билдирди.

Конференцияда баяндама жасаган Улуттук онкология борборунун директорунун милдетин аткаруучу Э.Тилеков өзүнүн сөзүндө ушул убакка чейин медицина тармагында илимий ишин мамлекеттик тилде жактаган алты гана илимпоз бар экенин айтса, КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин Мамлекеттик тил боюнча координатору М.Жээналиев медициналык терминдерди которуудагы калпыстыктарга токтолуп өттү.

Иш-чаранын алкагында Медициналык академиянын кыргыз тили кафедрасынын ачылышы болуп, катышуучулар заманбап жасалган дарсканалар менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий