• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мээрим Жуманазарова Финляндиядагы дүйнө чемпионатында коло алды

Спорт 0

Бишкек, 4-август /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова юниорлор арасында спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатынан коло медаль алды.

Спорттун бул түрү боюнча федерациядан билдиришкендей, чемпионат 1-августтан 6-августка чейин Тампере (Финляндия) шаарында өтүп жатат.

Жуманазарова 67 кг салмак категориясында чыкты.

Бул медаль Кыргызстан үчүн аталган дүйнө чемпионатында экинчи болду. Буга чейин Акбар Кенжебек уулу 50 кг салмак категориясында коло жеңип алган.

Кыргызстандан жалпысынан грек-рим, эркин күрөш жана аялдар күрөшү боюнча 14 спортчу катышууда.

Пикир

Оставить комментарий