• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мээрим Жуманазарова Египеттеги мелдештин чейрек финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 24.02.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова Египетте өтүп жаткан Ibrahim Moustafa эл аралык мелдешин жеңиш менен баштады. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында айтылат.

Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер күрөшү боюнча 68 кг салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштап катышууда. Жуманазарова болгариялык Юлиана Яневаны эки упай артыкчылыгы менен жеңип, чейрек финалга чыкты.

Мелдеш 21-25-февраль күндөрү Александрия шаарында өтүүдө.

Эскерте кетсек, Египеттеги эл аралык мелдеште Акжол Махмудовдун агасы Сыймык Махмудов (63 кг) жана Раззак Бейшекеев (67кг) грек-рим күрөшү боюнча коло медаль утту.

Пикир

Оставить комментарий