• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча Азия чемпиону болду

Спорт 0

Бишкек, 11.07.19. /Кабар/. Кыргызстандык Мээрим Жуманазарова Таиландда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында “алтын” медаль утту.

Турнир 9-июль күнү Чонбури шаарында старт алган.

Жуманазарова 68 кг чейинки салмак категориясында үч беттешке чыгып, баардыгын жеңген.

Биринчи беттеште таиланддык Yarinda AIRLANGни 10:0 эсебинде жеңсе, жарым финалда кытайлык Хин Лини (Xin LI) – 8:1 эсеби жана финалда Япониядан келген Rin MIYAJI аттуу атаандашын 8:6 эсебинде артта калтырган.

Мээрим Жуманазарова Кыргызстандан барган спортчулардын арасынан биринчилерден болуп алтын медаль тагынды.

Буга чейин Кыргызстандын байге куржуну Акылбек Талантбеков, Нуржигит Кенешбек уулу жана Назира Марсбек кызынын “күмүш” медалдары менен толукталган.

Пикир

Оставить комментарий