• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Мекен - карт” системасы кош жарандыгы бар мекендештерибизге бир топ жеңилдиктерди берет

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 11.05.18. /Кабар/. Калктын социалдык абалын жакшыртууда биринчи иретте алардын турак – жай менен камсыздалышы орунчундуу орунду ээлейт. Мамлекеттик, бюджеттик органдарда иштегендер ипотекалык насыяга үйлүү болуп жатышса, алыста иштеп жүргөн мекендештерибиздин каражат топтогондору гана үй алууга үлгүрбөсө, жашоосу өп – чап мигранттардын буга азырынча колу жете элек. Бул тууралуу маселеге кайрылып, депутат Сагындык Келдибаев “Региондорду өнүктүрүү” жылынын алкагында КР Өкмөтү мигранттар үчүн турак жай алууга ипотекалык долбоор иштеп чыкса, - деген пикирин кечээ, 10-майдагы “Парламент” радиосунун түз эфиринде билдирди.

Депутаттын айтымында, мындай тажрыйба коңшу Казакстан, Өзбекстан, Россия менен Украинага окшогон бир катар мамлектеттерде ишке ашырылып келе жатат. Ошону менен катар С.Келдибаев чет жерде жүрүп каза тапкан мигранттардын Жүк - 200 маселеси боюнча да пикирин билдирип, аны алууга каралган компенсация үчүн талап кылынуучу документтердин тизмеси кыскартылыш керек, - дейт.

“Улуу Британияда жылына болгону 30дан ашып – ашпаган гана мыйзамдар кабыл алынып, бирок алардын аткарылышы тыкыр көзөмөлгө алынып, иштен майнап чыгат. Ал эми биздин шартта бир эле сессиялык мезгилде 300гө чукул мыйзамдар кабыл алынат. Бирок, алардын ишке ашырылышына келгенде, манжа толуп санай албай калышыбыз мүмкүн”, - дейт ошол эле уктурууга катышкан DFID эл аралык уюмунун Жогорку Кеңеш менен кызматташуу программасынын эксперти Жибек Койчукулова. Мигранттарды мамлекеттик колдоо тууралуу мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөгөн отчет биринчи ирет даярдалып, ал бардыгына жеткиликтүү болду , - деп кошумчалады эксперт.

Кыргыз мигранттары дүйнөнүн бардык булуң - бурчтарына тарады. Бирок, басымдуу бөлүгү туура келген Россиянын аймагындагы Москва, Санкт – Петербург, Екатеринбург сыяктуу ири шаарларындагы мекендештерибиз менен өлкө президенти, депутаттар менен өкмөт башчы байма –бай жолугуп турушат. Ал эми DFID эл аралык уюмунун Жогорку Кеңеш менен кызматташуу программасы бул ирет ошол орус жергесиндеги биздин бийлик өкүлдөрү менен жолугуша элек мигранттар менен диалог уюштуруп, алардын мүдөө – талаптарын эл өкүлдөрүнө жеткирүүгө шарт түзгөн. Өткөн жылдын июнь айында болгон ошол сапардагы айтылган суранычтар канчалык деңгээлде эске алынды? Бул боюнча 8 айлык иштин жыйынтыгын камтыган отчет даярдалды, - деди DFID эл аралык уюмунун Жогорку Кеңеш менен кызматташуу программасынын менеджери Руслан Мырзалимов.

Мекендештерди мамлекеттик колдоо тууралуу мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөнүн негизинде жакшы кадам жасалууда. Ал “Мекен-карт” системасынын ишке киргизилиши, - дейт ЖК Аппаратынын Социалдык маселелер, билим,илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин бөлүмүнүн эксперти Салтанат Бараканова. Аталган карт аркылуу башка өлкөнүн жарандыгын алган мекендештерибиз Кыргызстанга келип жергиликтүү жарандар сыяктуу эле бардык жеңилдиктерден колдоно алышат.

Пикир

Оставить комментарий