• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мектеп лигасы: ордо боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү белгилүү болду

Спорт 0

Бишкек, 29.03.23. /Кабар/. Бишкекте спорттун 11 түрү боюнча “Мектеп лигасы” уланууда.

Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинен билдиришкендей, Ж.Баласагын атындагы КУУнун спорттук базасында уландар арасында ордо боюнча мелдеш өттү.

Спорттук иш-чарага Бишкек шаарынын орто мектептеринен жана гимназияларынан 16 команда катышты. Мелдештин жыйынтыгында уландар арасында жеңүүчүлөр жана байге ээлери төмөнкүдөй аныкталды:

- 1-орунду №5 мектеп лицейи командасы ээледи;
- 2-орунду №86 орто мектеби;
- 3-орунга №1 жалпы билим берүү мектеп гимназиясы ээ болду.

Пикир

Оставить комментарий