• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Суракматов: Бишкек шаары боюнча 83 миң үй-бүлөгө гуманитардык жардам жеткирилди

Коом 0

Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаары боюнча 83 миң үй-бүлөгө гуманитардык жардам жеткирилди. Шаардагы калктын социалдык-аярлуу катмарына гумжардам көрсөтүү 7 багыт боюнча жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкектин мэри Азиз Суракматов өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын маалыматына караганда, өкмөт тарабынан көп балалуу жана муктаж үй-бүлөлөргө 6 миң кап ун бөлүнгөн. Соопчулук фонддору тарабынан 14 миңден ашуун үй-бүлөгө жардам берүү пландалган. Анын ичинен 9 миң 794 үй-бүлөгө жардам берилди.

Шаардык ишкерлер тарабынан 23 миңден ашуун үй-бүлөгө жардам көрсөтүлгөн. Шаардык бюджеттен 16 миң 725 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк курамы таратылды. КР өкмөтү тарабынан 2 миң 568 үй-бүлөгө азык-түлүк курамы берилди. Республикалык штабдан 1000 азык-түлүк баштыгы шаар тургундарына таратылды. Жетинчи - өкмөт тарабынан 24 млн сомго 30 миң азык-түлүк баштыктары берилди. Ар бир азык-түлүк топтому 1200 сомду түзөт.

"Азыркы учурда 25 миң 290 баштыкча таратылды. Бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаары боюнча 83 миң үй-бүлөгө гуманитардык жардам жеткирилди. Жалпысынан Бишкек шаарына 90 миңден ашык азык-түлүк курамын жеткирүү пландалган", - деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий