• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мэрия шаар тургундарын ачык асман алдындагы музыкалык кечеге чакырат

Маданият 0

Бишкек, 25.08.17 /Кабар/. Бишкек мэриясы Октябрь районунун аймагында ачык асман алдында өткөрүлүп жаткан “Музыкалык кечелерди” улантууда. Бүгүн, 25-августта кечки саат 18:00дө “Көк-Жар” жаңы конушундагы №88 мектепте кезектеги музыкалык кече өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Музыкалык иш чарага “Кыргыз-Руху” эстрада-фольклордук ансамбли жана кыргыз эстрада ырчылары катышат.

Бишкек мэриясы музыкалык кечеге шаар тургундарын жана конокторду чакырат.

Пикир

Оставить комментарий