• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Милиция дайынсыз жоголгон Аида Базарбаевага издөө салат

Коом 0

Бишкек, 11.06.20. /Кабар/. Чүй райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 1990-жылы туулган Базарбаева Аида Шеримкуловага издөө салат. Ал Чүй облусунун Чүй районундагы Шамшы айылынын тургуну.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, ал 2020-жылдын 1-апрелинде үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 165-170 см, орто дене түзүлүштө, чачы узун, белине чейин, кара түстө, кой көз, бети сүйрү.

Кийимдери: үстүндө кара түстөгү кофта, боз түстөгү джинсы шым, бутунда галош.

«Аида Базарбаеваны кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: Чүй ОИИББинин нөөмөт бөлүмү (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85,Чүй райондук милициясынын нөөмөт бөлүмү (0312) 60-73-87, 0705 43 15 13 (издөө тобу)”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий