• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Милиция үй-бүлөлүк чырдан улам өз жанын кыюуга аракет кылган жигитти куткарып калды

Кырсык 0

Бишкек, 19.02.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлери кошумча кызматтар менен бирдикте өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылган жаранга жардам көрсөтүштү.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бүгүн, 19-февралда болжол менен саат 10:00дө милицияга Ак-Ордо конушунда бир киши чоң чуңкурга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине милициянын кайгуул кызматкерлери барып, эски казылган чуңкурчанын ичинде белгисиз жаран жаракат алып, ордунан тура албай жаткандыгын көрүшкөн. Тактоо учурунда 1993-жылы туулган аты-жөнү белгисиз жаран үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам, өзүн-өзү өлтүрүү максатында атайын ошол чоң чуңкурга кулаганы белгилүү болгон.

Аталган жаранды милициянын кайгуул кызматкерлери өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана аймактык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте чуңкурдан чыгарып, тез жардам унаасына салып беришкен.

Пикир

Оставить комментарий