• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Милиция кызматкерлеринин кесиптик билимин жогорулатуу максатында сабактар өткөрүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 07.12.20. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлерине кесиптик билимин жогорулатуу максатында сабактар өткөрүлүүдө.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Бишкек шаардык милициясы боюнча Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын өздүк курамына кызмат учурунда керектелүүчү нускамаларды, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, өкмөттүн токтомдорун, ИИМдин буйруктарын, ошондой эле Жазык, Жоруктар, жана Бузуулар кодекстерин, жана башка укуктук-ченемдик актылар боюнча сабактар өткөрүлүүдө.

"Бүгүн да Бишкек ШИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын башчсы Алмазбек Исаков өздүк курамга “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча” Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ишин уюштуруу жана өркүндөтүү боюнча нускамалардын негизинде өздүк курамга сабак өткөрдү. Сабактын жүрүшүндү башкармалыктын башчысы өздүк курамга кайгуул милициясы – бул элге эң жакын, тыгыз иштешкен башкармалык экендигин эске алып, ар кандай чакырууларга, анын ичинен үй-бүлөлүк жаңжалдашууларга барган учурда, буйрукта көрсөтүлгөн нормалар менен иш алып барууга, үй-бүлөлүк зомбулуктун аныкталган фактылары боюнча убактылуу коргоо ордерлерин берүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, андан ары каттоодон өткөрүү үчүн ИИМдин аймактык бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө өткөрүп берүү боюнча өздүк курамга түшүндүү боюнча лексия өткөрдү. Ошондой эле эл менен иштешүүдө мыйзамда көрсөтүлгөн баардык нормаларды так сактоого чакырды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий