• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Милиция Токмоктогу төрөт үйдүн кызматкерлери наристени алмаштырды деген маалыматты текшерүүдө

Коом 0

Бишкек. 22.05.19 /Кабар/. Милиция Токмоктогу төрөт үйдүн кызматкерлери жаңы төрөлгөн ымыркайды алмаштырды деген маалыматты текшерип, иликтөө жүргүзүүдө. Бул тууралуу Чуй облустук милиция кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 24-декабрь айында Токмок шаарынын тургуну милицияга кайрылып, шаардык төрөт үйдүн кызматкерлерине каршы чара көрүүнү суранган.

Бул факт бирдиктүү реестрге катталып, тийиштүү медициналык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгы азырында даяр боло элек.

Пикир

Оставить комментарий