• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Милициянын кайгуул кызматкерлери унаа айдап качкан жаранды кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.03.22. /Кабар/. Бишкекте Милициянын кайгуул кызматкерлери авто унаа айдап качкан жаранды кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-мартта 1961-жылы туулган А.М. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылып, анда ошол эле күнү Виноградный айылынын Токтогул көчөсүндө жайгашкан мончонун алдында токтоп турган “Фольксваген Тоурег” үлгүсүндөгү авто унаасын белгисиз адамдар айдап качып кеткенин билдирген.

Бул боюнча Чүй жана Бишкек шаарынын аймагына багыттамалар берилип, анын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери качып баражаткан авто унаа шаардын аймагына киргенден кийин артынан кууп, Өскөн Ордо жаңы конушунан 1991-жылы туулган Ж.М. аттуу жаран Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматкерлери жана Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын ЖКККБгынын кызматкерлери аркылуу шектүү катары кармалып, Аламүдүн райондук ИИБнин Тергөө кызматына жеткирилген.

Мындан тышкары, качуу учурунда шектүү жаран коомдук коопсуздукка коркунуч келтирип, жол кыймылынын башка катышуучуларына да тоскоолдуктарды жараткан. Ошондой эле анын жанынан белгисиз үлгүдөгү тапанча табылган.

Пикир

Оставить комментарий