• 88.68
  • 95
  • 0.95

Министр Тилек Текебаев Ноокат жолунун курулушу боюнча маалымат берди

Коом 0

Бишкек, 22.07.23. /Кабар/. Ноокаттын жолу эл аралык маанидеги жол, министрликтин тарыхында биринчи жолу мамлекеттик ишкана республикалык бюджеттин каржылоосу менен куруп жатат. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев билдирди.

Анын айтымында, президенттин колдоосу менен иш бекитилген пландын негизинде жүрүп жатат, Ноокаттын жолу 2016-жылдан бери убада бойдон калып башталбай келгенин. Аталган жол министрдин жана жогорку кызматтагы жетекчидердин көзөмөлүмдө турат.

"Ноокаттын жолу жеке мага эле эмес, жаңыдан түптөлүп келе жаткан "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасына дагы чоң сыноо. Жетекчилик талап кылган мөөнөттө бүтүрүүгө болгон аракетибизди жумшайбыз. Ошол эле учурда сапатына дагы абдан басым жасап, бардык талаптарды так сактоо тапшырмасын тиешелүү жетекчилерге бердим.

Мамлекет башчыбыздын колдоосу менен амбициялуу долбоорлорду баштадык. Буга чейин өлкө жолдорун көбүнчө чет өлкөлүк жеке компаниялар куруп келсе, эми мамлекеттик ишкана куруп баштады. Мамлекеттик жана ата мекендик жеке компанияларга ишенбей жүрө берсек, жолдорду курууда тажрыйбабыз жок болуп, ошондой эле бул тармакка бөлүнгөн каражаттын көпчүлүгү сыртка чыгып кетмек", - деди министр.

Текебаев президенттин колдоосу менен биздин министрликтин алдындагы мамлекеттик ишканага 265 жаңы техникалар сатып алынганын жана дагы техникалар келерин белгиледи. Анын айтымында, бул аракет келечекте өлкө жолдорун толугу менен сапаттуу оңдоого багытталган.

Министр белгилегендей, Ош – Баткен – Раззаков Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 0-75-чакырым аралыгы Ош облусунун аймагында жайгашкан. Анын ичинен 0-6-чакырымы Ош шаары, 6-11- чакырымы Кара-Суу району, 11-75-чакырымы Ноокат району (38-41-чакырымы Ноокат шаары) аркылуу өтөт. Негизинен унаа жолдун 0-30-чакырымы №21 Жол тейлөө ишканасы, 30-75-чакырым аралыгы №37 ЖТИси тарабынан тейленет.

Азыркы учурда Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун (Ноокат району) 27,9 – 34,4 жана 40,35 – 46,910-чакырым аралыктарын калыбына келтирүү иштерин республикалык бюджеттин эсебинен Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол“ мамлекеттик ишканасы аткарып жатат.

Ишканага караштуу №2 Жол курулуш башкармалыгынын Ош – Баткен – Раззаков мамлекеттик маанидеги унаа жолунун 27+960 – 34+400 жана 40+350 – 46+910-чакырым аралыгында аткарган жумуштарынын тизмеси: :

1-бөлүк боюнча:

- 18 суу өткөрүүчү түтүк толугу менен коюлуп, 3 түтүктү орнотуу иштери ортолоп, калган 2 түтүктү коюу иштери жүрүп жатат. Долбоор боюнча жалпысынан 23 түтүк каралган;

- ылдыйкы шагыл катмар (собгрейд) – 4360 м бүткөрүлдү;

- ортоңку шагыл катмар (соббейс) – 4360 м бүткөрүлдү;

- үстүңкү шагыл катмар (Бейс материалын даярдоо) – 2000 м бүткөрүлдү;

- 30 даана жол куруу техникасы, айдоочулар, жумушчулар жана механизаторлор болуп жалпы 70 жумушчу иштеп жатат.

2 бөлүк боюнча:

- 12 түтүк толугу менен коюлуп, калганында иштер жүрүп жатат. План боюнча 27 түтүк каралган;

- ылдыйкы шагыл катмар (собгрейд) – 3550 м бүткөрүлдү;

- ортоңку шагыл катмар (соббейс) – 3550 м бүткөрүлдү;

- үстүңкү шагыл катмар (Бейс материалын даярдоо) – 1600 м бүткөрүлдү.

- битум аралашмасын чачуу – жолдун оң тарабында 1070 м бүткөрүлдү;

- асфальттын астыңкы катмарын төшөө – жолдун оң тарабында 300 м бүткөрүлдү;

- 40 жол куруу техникасы, айдоочулар, жумушчулар жана механизаторлор болуп жалпы 80 киши иштеп жатат. Жалпысынан 150 жумушчу, 70 жол техникасы тартылган.

Пикир

Оставить комментарий