• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзгөн районунда 650 тонналык логистикалык борбор ачылды

Аймак 0

Бишкек, 22.07.23. /Кабар/. Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев Өзгөн районундагы логистикалык борбордун расмий ачылышына катышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) Кыргызстандагы өкүлдөрү жана Өзгөн районунун аким Ш. Абыкеев катышты.

"Логистикалык борборлордун ачылышы облустун айыл чарба тармагын өнүктүрүү үчүн маанилүү кадам болуп саналат жана айыл чарба ишканаларына жана жумушчуларга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет. Долбоор ошондой эле эл аралык соода байланыштарын чыңдоого жана Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга салым кошо. Түшүмдү узак мөөнөткө сактоочу жабдуулар аркылуу логистикалык борбордон пайда көргөн кожолуктардын санын жана фермерлердин кирешесин көбөйтүүгө багытталган иштер мындан ары да улана бермекчи", - деди Жантаев.

Белгиленгендей, логистикалык борбордун сыйымдуулугу 650 тоннаны түзөт. Долбоордун максаты – 150дөн ашык жаңы жумуш орундарын түзүү, багбандарга заманбап айыл чарба технологияларды үйрөтүү жана коңшу мамлекеттерге, анын ичинде Өзбекстан Республикасына экспортолуучу картошка жана алманын көлөмүн көбөйтүү.

Пикир

Оставить комментарий