• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

"Кыргызиндустрия" голландиялык компания менен Бишкекке фармзавод курууну талкуулады

Коом 0

Бишкек, 22.07.23. /Кабар/. "Кыргызиндустрия" ААК жана голландиялык Biopharmax AVA LLC фармацевтикалык компаниясы Кыргызстанда дары-дармектерди өндүрүү жаатында кызматташуу маселесин талкуулашты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөргө "Бишкек машина куруучу завод" ААК (БМЗ) дагы катышып, анын жүрүшүндө завон курула турган жер менен таанышуу максатында "БМЗ" ААКсынын аймагына барышты.

Алдын ала макулдашуу боюнча, "Кыргызиндустрия" ААК өндүрүштүк инфраструктурасын камсыздашы керек, ал эми голландиялык компания дары-дармектерди жана препараттарды өндүрүүнүн алдыңкы технологиясын берет.

Белгиленгендей, бул кызматташтык дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле өлкөдөгү фармацевтика тармагын өнүктүрүүгө багытталган.

Эскерте кетсек, "Кыргызиндустрия" ААК - Кыргызстандын экономикасынын өнөр жай секторун өнүктүрүүгө жана инвестицияларды тартууга адистешкен алдыңкы өнөр жай компаниясы болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий