• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарын шаарында 340 окуучу Манас айтты

Аймак 0

Бишкек, 03.05.23. /Кабар/. Өлкө аймагында мектеп окуучулары арасында “Урааным Манас” кароо-сынагы өтүп жатат.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, аталган сынактын алкагында Нарын шаарында 300 окуучу Манас айтты.

"Урааным Манас" аталышындагы хор манас айтуу кароо-сынагынын максаты - улуттун улуу мурасы болгон "Манас" эпосун, анын улуттук идеологиясын, баалуулугун, философиясын жайылтуу болуп саналат.

Белгилей кетсек, иш-чарага Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев, Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Автандил Молдосалиев, Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Айнура Апсалиева, мектеп директорлору жана окуучулар катышты.

Пикир

Оставить комментарий