• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Министрлер кабинетинде 2021-жылдын соңуна чейин пенсияны жогорулатуу маселеси талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 06.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 5-августта Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Социалдык фонддун төрагасы Жаныбек Орозалиевди кабыл алды.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кеңешменин жүрүшүндө Социалдык фонддун иши, анын ичинде пенсиялык камсыздоонун учурдагы абалы каралды.

Социалдык фонддун төрагасы үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин пенсияларды жогорулатуу механизмдери жана пенсиялык камсыздоо тутумун реформалоонун негизги артыкчылыктары, анын катарында пенсияны дайындоо процедураларын жөнөкөйлөштүрүү тууралуу маалымат берди.

Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов белгилегендей, пенсиялык камсыздоо тутумун реформалоо жарандарга карата акыйкаттуулукту сунуштап, мурда төлөнгөн суммага шайкеш пенсия менен камсыздоосу тийиш.

Пикир

Оставить комментарий