• 88.68
  • 95
  • 0.95

Министрлер кабинетинин төрагасы балык чарбасынын иши менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 19.03.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында «Эфтар Агро Комплекс» балык чарбасынын иши менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ишкананын продукциясы ички рынокко, ошондой эле тышкы рынокко да чыгарылып, Россия Федерациясына экспорттолот. Учурда жылына 60 тоннага жакын балык өндүрүлөт.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү жана экспорттук потенциалды жогорулатуу үчүн өлкөлөрдүн тизмесин кеңейтүү, ошондой эле технологиялык процессти өркүндөтүү жана өндүрүш көлөмүн кеңейтүү боюнча сунуштарды киргизүү зарыл.

Акылбек Жапаров белгилегендей, министрлер кабинети ата мекендик продукцияны эл аралык рынокко чыгаруу максатында ишканаларга көмөк көрсөтүүгө даяр.

Пикир

Оставить комментарий