• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Минкаб медиктерге кол көтөрүү үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү колдойт – Байсалов

Өкмөт 0

Бишкек, 09.02.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкектеги ооруканалардын биринде медицина кызматкерине кол көтөрүү болгон окуяга комментарий берди.

"Жакында эле республикалык ооруканада дарыгерге кол салуу болгондугу баарыбызды нааразы кылды. Министрлер кабинетинин жетекчилиги дайыма саламаттык сактоо кызматкерлерин, дарыгерлер менен медсестраларды күнөөкөр көрсөтүүгө жол берилбей турганын айтып келет. Аларды тейлөөчү персонал катары кароону токтотуп, дарыгерлердин тиешелүү ыйгарым укуктарын жана социалдык жогорку статусун калыбына келтирүү керек. Элибиз ак халатчандардын эрдик эмгегин жогору баалап, айрым кара ниет наадандардын аларды шылдыңдап, дарыгерлерге кол көтөрүшүнө жол бербейт", - деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.

Байсалов министрлер кабинети Жогорку Кеңештин депутаттарынын медиктерди жана башка маанидүү кызматтардын өкүлдөрүн кемсинтүүгө карата кылмыш жоопкерчилигин күчөтүүнү колдой турганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий