• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарын жана Ысык-Көл облустарында административдик-аймактык реформа жүзөгө ашырылды

Коом 0

Бишкек, 09.02.24. /Кабар/. Нарын облусунда жана Түп районунда административдик-аймактык реформанын алкагындар бир топ жумуштар аткарылды. Анын жыйынтыгында Түп районунун 13 айыл аймагы 5 айыл аймакка, Нарын облусу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 63төн 27ге кыскарды. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев билдирди.

Анын айтымына караганда, президенттин жарлыгынын негизинде пилоттук режимде Ысык-Көл облусунун Түп районунда жана Нарын облусунун Ак-Талаа, Нарын, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор райондорунда административдик-аймактык реформа жүзөгө ашырылды.

"Натыйжада Түп району боюнча эмгек акыдан үнөмдөлгөн каражат 8 млн сомду, Нарын облусу боюнча 113 млн сомду түздү”, - деди ал.

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинен кошумчалашкандай, өлкө аймагында жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформа жана аны ишке ашыруу боюнча усулдук-семинар болуп өттү.

Иш-чарага агенттиктин административдик-аймактык маселелер боюнча бөлүм башчысы В. Исалиева, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун функциялары жана ыйгарым укуктары бөлүмүнүн башчысы Т. Мамасалиева, агенттиктин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Б. Усеналиева жана башка кызматкерлер реформа жана аны ишке ашыруу боюнча аткарылган иштер менен пландарды презентациялашты.

Пикир

Оставить комментарий