• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркия Кыргызстанга эң көп инвестиция салган 5 өлкөнүн катарына кирди — Акылбек Жапаров

Өкмөт 0

Бишкек, 09.02.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Анкара шаарына болгон расмий сапарынын алкагында кыргыз-түрк бизнес форумуна катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өз сөзүндө министрлер кабинетинин төрагасы ишкерлер, эки эки өлкөнүн соода-экономикалык мамилелеринин негизги локомотивдери катары кызмат кылып жатканын айтып,президент Садыр Жапаровдун тушунда кыргыз-түрк алакалары бардык тармактар боюнча жаңы баскычка чыкканын белгиледи.

“Атап айтканда 2023-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы товар жүгүртүү 560,5 млн долларды түздү. Муну менен бирге, Түркия 2022-жылы Кыргызстандын экономикасына эң ири инвестор болду жана Түркиядан кирген инвестициянын жалпы суммасы 341,6 млн долларды түздү. Ал эми 2023-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча Түркия Кыргызстанга эң көп инвестиция салган 5 өлкөнүн катарына кирди”, - деди ал.

Мындан тышкары Акылбек Жапаров, Кыргызстандын Мамлекет башчысы ири инфраструктуралык долбоорлорду каржылоо максатында “Түрк инвестициялык фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койгонун, ошондой эле Кыргыз-Түрк инвестициялык фондун түзүү боюнча эки өлкөнүн өкмөттөрү тарабынан тийиштүү жумуштар аткарылып жатканын билдирди. Мындан тышкары, өткөн жылы жана ушул жылы “Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө убактылуу тыюу (мораторий) киргизүү жөнүндө” өлкө президентинин жарлыктарына кол коюлганын кошумчалады.

Бизнес форумдун ишине катышкан Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз, Кыргызстан менен Түркиянын экономикалык кызматташуусу чоң потенциалга ээ экенин жана Түркия эки өлкө ортосундагы товар айлантууну жаңы деңгээлге чыгаруу ниетинде экенин билдирди.

Форумда Кыргызстанда иш жүргүзгөн “Кока-Кола Кыргызстан”, “Шератон мейманканасы”, “Демирбанк” жана “Эти Бакыр Терексай” сыяктуу ири түрк фирмаларынын өкүлдөрү да сөз сүйлөп, Кыргызстанда ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн билдиришти.

Форумдун жүрүшүндө эки жактуу ишкердик жолугушуулар да өткөрүлдү, анда алар энергетика, айыл чарба, кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары, товарларды экспорттоо, потенциалдуу инвесторлорду издөө жана тартуу сыяктуу ар кыл багыттарда кызматташууну талкуулашты.

Жалпы 500гө жакын ишкерлер катышкан бизнес форумдун соңунда кызматташуу жана инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу жөнүндө 8 Меморандумга кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий