• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Байсалов: Быйылкы жылы президент тарабынан коюлган №1 тапшырма жумуш орундарын түзүү

Өкмөт 0

Бишкек, 09.02.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиясынын жыйынына катышты.

Эдил Байсалов акыркы жылдары жетишилген бир катар социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү белгиледи.

«Мамлекет башчы тарабынан 2024-жылга карата биздин алдыбызга коюлган негизги милдет – жумуш орундарын түзүү. Ошондуктан быйыл албетте мектептерди, социалдык объектилерди куруу, жол салуу, ирригацияны жакшыртуу иштери улантылат. Мунун баары биз былтыр өздөштүргөн программалар. Быйыл алар мындан да ылдам темп менен улантылат. Бирок көңүлдү жана артыкчылыкты, урматтуу кесиптештер, жумуш орундарын түзүүгө, жаңы ишканаларды ачууга, жакырчылык менен күрөшүүгө, элибиздин турмушун жакшыртууга буруу керек. Алдыдагы жылы биз чындап эле туруктуу экономикалык өсүштүн траекториясына кирип, 2030-жылга карата ИДПнын көлөмүн 30 миллиард долларга, 2050-жылга чейин 200 миллиард долларга жеткиребиз. Ар бир жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жыл аягында ушул критерий боюнча бааланат», - деди ал.

Коллегиялык жыйындын жыйынтыгында Минкаб башчысынын орун басары бир катар тапшырмаларды берди, анын ичинде министрлер кабинетинин бекитилген планын сапаттуу аткаруу, административдик-аймактык реформаны ишке ашыруу боюнча иштер, жумушчу орундарын көбөйтүү жана башка өзгөрүүлөр бар.

Пикир

Оставить комментарий