• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мира Жангарачева Г. Айтиев атындагы көркөм өнөр музейине директор болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 19.06. 19. /Кабар/. Мира Жангарачева Г. Айтиев атындагы көркөм өнөр музейине директор болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрилигин басм сөз кызматы билдирди.

Дайындоо жөнүндө буйрукка маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кол койгон.

Жангарачева Мира Камилевна 1952-жылы туулган. Билими жогорку.

Кыргыз Мамлекеттик университети. Тарых факультети. Тарых жана социалдык илимдер мугалими (1969-1974).

Москва Мамлекеттик университети. Философия илимдеринин кандидаты, доцент (1978-1981).

Иш тажрыйбасы:

2000-2015-ж. – ПРООН программасынын социалдык маселелер боюнча менеджери (маданият жана билим берүү);

1999-2000-ж. – Чүй облусунун губернаторунун социалдык маселелер боюнча орун басары;

1998-1999-ж. – Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министри;

1997-1998-ж. – КРнын президентинин аппаратынын Социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы;

1996-1997-ж. – Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри (социалдык саясат боюнча);

1995-1996-ж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

1992-1995-ж. – Бишкек шаарынын вице-мэри (социалдык маселелер боюнча);

1974-1992-ж. – Фрунзе Политехникалык институтунда окутуучу, кафедра башчысы жана декан болуп эмгектенген.

Пикир

Оставить комментарий