• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мирзиёев Кореяга мамлекеттик сапары менен барат

Дүйнө 0

Ташкент, 4-июль /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 3-июлда Сеул шаарынын мэри Пак Вон Сунду кабыл алды. Бул тууралуу Өзбекстандын улуттук маалымат агенттиги билдирди.

Корея Республикасынын президенти Мун Чжэ Ин Мирзиёевди ушул жылдын аягына чейин Кореяга мамлекеттик сапары менен келүүгө чакырды. Мындай чакырууну билдириш үчүн Сеулдун мэри Ташкент шаарына атайын келгени маалым болду.

Өз кезегинде Мирзиёев чакырууну кубануу менен кабыл алганын билдирип, учурда Өзбекстан менен Корея Республикасы достук мамилесин жана стратегиялык кызматташтыкты чыңдап жатканын билдирди.

Учурда Өзбекстандын экономикасындагы ар тараптуу тармактарга Түштүк Кореядан 7 млрд доллардан ашык инвестиция тартылганын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий